26.06.2018 12:02

Борбор калаада  адистештирилген воркаут аянтча ишке  берилди

Борбор калаада  адистештирилген воркаут аянтча ишке  берилди

Борбор калаада  адистештирилген воркаут аянтча ишке  берилди. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.  

Маалыматка караганда, бул воркаут аянтчалар өзгөчө муктаждыкка ээ  жарандар үчүн ачылган. Уюштуруучулар  Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги жана  жаштарды  өнүктүрүү институту. 

Аянтча  К.Баялинов атындагы Республикалык китепкананын батыш бөлүгүндө  курулган.

Атайын жабдуулар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлаштырылган.  Эми ал жерге орундуктар орнотулуп, жарыктандыруу иштери жүрмөкчү.